22-23-март күндөрү Улуу Британиянын Лондон шаарында “Selvedge Spring Fair - 2013” аттуу көргөзмө болот. Ага кыргыз шырдагы да коюлууда. Бул тууралуу аталган иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай көргөзмө 2012-жылы да өткөн, анда кыргыз шырдагына көрүүчүлөрдүн кызыгуусу абдан жогору болгон.