Бүгүн, 2-февралда Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция Бишкек шаарынын четиндеги таштанды таштоочу жайда бир топ эреже бузуу катталып жатканын айтып, журналисттер менен биргеликте текшерүү иштерин жүргүздү.
* Жолдо бара жатып аталган инспекциянын бөлүм башчысы Элдияр Шерипов бул жайдагы мыйзамсыз көрүнүштөр тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, бул таштанды таштоочу жай 1979-жылы ачылып, ага 12 гектар жер бөлүнгөн. Анда жер аянты 3 миллион куб таштандыга туураланган. Учурда бул жерге 28 миллион кубдан ашык таштанды төгүлгөн. "Бул таштанды таштоочу жай атайын статуска ээ эмес, себеби жер мыйзамсыз бөлүнүп берилген. Жердин тиешелүү документи жок, долбоору жок, ыйгарым укуктуу мекемелердин корутундулары жок. Таштанды ташталчу жердин тегерек-чети тосулуп, өзүнүн таразасы болуп, таштандылар сорттолушу керек. Мыйзамдар бузулгандыгы үчүн "Бишкек полигону" муниципалдык ишканасына 935 620 сом эсебинде доо коюлуп, сотто каралган. Сот иши инспекциянын пайдасына чечилген. Ошондо соттун аткаруу баракчасы чыгып, сот аткаруучуларга өткөрүлүп берилген. Өндүрүлгөн каражат республикалык бюджетке которулат",- деди Э.Шерипов.
* Бул жайга жакындаган сайын жол начарлап, жагымсыз жыт уруп турат. Таштанды ташыган унааларды ээрчий белгиленген жайга жакындай бердик. Биз бараткан унаада бул аймактын жай мезгилиндеги жагымсыз жыты тууралуу сөз болуп жатты.
* Журналисттер чогулган жерге бул аймакта жашаган Максат Осмонов келди. Аны кепке тартканыбызда бул маселе 10 жылдан бери чечилбей жатканын айтып берди:
"Үйлөр мыйзамсыз курулган деп 10 жылдан бери айтылып келе жатат. Биз үйлөрдү сатып алганбыз. Эми кайда бармак элек?! Мамлекет завод куруп же таштандыларды алып, маселени чечип берсе болмок. Азыр балдарыбызга эле кыйын болуп жатат, алар шаарга барып окушат. Мамлекеттик мекемелер экологиялык зыян тууралуу айтып эле келишет. Кудайга шүгүр, балдарыбыз оорулуу болуп төрөлгөн жок. Таштандыны алып салса ушул жакта эле жашай беребиз".
* Инспекциянын алдындагы Жерди кайтаруу жана пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыктын башчысы Айнура Кенжебаева буларга токтолду:
"Бул жерде миңге чукул үй курулган. Таштандыдан тышкары мүрзө, тарпкана жана газ бөлүштүрүүчү жай бар. Экологиялык эреже бузууга жол бербөө үчүн тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Бишкек мэриясы бул жайды жабууга же кайра иштетүүчү завод курууга тийиш. Бул жакта 10 жылдан бери жашагандар бар, алардын экологиялык коопсуздугу сакталышы керек".
* Андан ары журналисттер таштанды төгүлүп жаткан тарапка бет алышты. Кызыгы, бул жерде сорттоо иштери кол менен аткарылат. Тактап айтканда, атайын унаа таштандыны төгөт. Жаңы төгүлгөн үймөктү 10 чакты жумушчу чачып баштайт.
* Шаар тургундары үйлөрүнө жакын таштанды челегине ыргыткан нерсенин баары ушул жакка алынып келинет. Мисалы эмнелер? Кагаз, бөтөлкө, чүпүрөк, эскирген идиш-аяктар, керекке жарабаган оокаттар жана башка көп нерселер...
* Аларды жумушчулар кагазын өзүнчө, бөтөлкөсүн өзүнчө кылып сорттоп чыгышат.
* Бул жайда иштегендердин так санын биле алган жокпуз. Бирок күнүгө бул аймакка кирген жумушчулардын саны 500гө чукул.
* Алар бул жерден каражат таап, жандарын багышат. Мисалы, бөтөлкөнүн 1 килограммы 5 сомго бааланат. 1 жумушчу күнүнө орточо 200-300 сомдон табат.
* Карга-кузгун кетпеген бул жайга жумушчулар эртең менен 8дер чамасында келишет. Алар күн батканга чейин "олжосун" издеп жүрө беришет.
* Өзүн Руслан деп тааныштырган бул жумушчу 60 жашта. Ал 18 жыл курулушта иштегенин, жашында мындай абалга түшөрүн ойлобогонун айтты. Ал күнүнө 300 сом табат. "Азыркы жашоомо наалат айтпайм. Ден соолук дегенди унуткам",- дейт ал.
* Сүйлөшө келгенибизде жумушчулардын көбү "мамлекет ушул жакта иштегенге шарт түзүп берсе", "суук болуп жатат, жылынган жай болсо" деген ойлорун айтып жатышты.
* Жыйынтыктап айтканда, баары шартка барып такалат. Тургундарда бул жайдан көчүп кеткенге шарт жок. Мэрияда таштандыны көчүргөнгө шарт жок. Жалгыз үмүт жакында чет элдик гранттардан карала турган ири суммадагы каражатка артылат. Эгер ал каражат туура пайдаланылса, бул жакка завод курулат.
P.S. Ошондо эле сүрөттөгү үйлөрдүн короолорунда бак өсүп, торгой сайрайт эле деген ойдон алыспыз. Бирок эл эртең менен таштандыга келген карга-кузгундун үнүнөн ойгонгонду унутат эле деген ой.