АКШнын "iLuminate" бий тобу 22-мартта Бишкек шаарында концерт берет. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди. Айтылгандай, АКШнын модерн-балет артисттери концерттин жүрүшүндө заманбап бийдин түрлөрүн көрүүчүлөргө тартууламакчы. Айта кетсек, 2009-жылы Мирал Котб аттуу айым түзгөн. Аталган топ 29-мартта Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында да концерт коёт.