Ымыркайын дааратканага таштаган келин энелик укуктан соттон кийин гана ажыратылышы мүмкүн

"Токтогул шаарында ымыркайын дааратканага таштаган келин энелик укуктан соттон кийин гана ажыратылышы мүмкүн. Ага карата "жаңы төрөлгөн баласынын өмүрүнө кол салуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон эле. Азыркы тапта ал келин ооруканада дарыланып жатат. Анын жанында биздин кызматкерлер бар. Баланын абалы жакшы. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө". Бул тууралуу SUPER.KG порталына 3-февралда Токтогул РИИБинин башчысы Рысбек Ашыралиев билдирди.

Айта кетсек, окуя 27-январда саат 21:47 чамасында болгон. Ал жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №97-өрт-куткаруу бөлүмүнүн жана Токтогул райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери келишкен.

Даараткананын жанында көп кабаттуу үйлөр жайгашкан. Ал жерде жүргөн жашоочулар кечинде баланын ыйлаган үнүн угуп калышкан. Дааратканадан ымыркайды жергиликтүү тургун Жапар уулу Асанкул чыгарып, дарыгерлерге берген. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү аял кармалган. Анын мурун ажырашканы жана бир баланы тарбиялап келгени аныкталды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
begai93
2016-02-03 14:38:32
ХХХ ХХХ ХХХ... Кантип журогу чыдап таштады экен (
+1
Atabaev.kg.su
2016-02-03 14:55:53
Астагфир Аллох каяктык келин экен
Акыл эси тайкы окшойт
+1
aselushka
2016-02-03 14:57:12
байкуш бала.ажал менен алышып аман калыптырда.куткаргандарга Алла ыраазы болсун. таштаган апага ыйман берсин.
0
Arslan12
2016-02-03 14:57:52
Ушуга окшогон акыл ээси тайкыларды озуно окшоп дааратканага таштап жибериш керек балык болуп сузгонун ошондо кормокпуз
+3
Mars55
2016-02-03 15:55:27
атасын издеп таппай койсо керек,жеңил ойлуулук кылган да байкуш келин.Эми жазасын алып баланын каргышына калып жүрө берет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан