Бишкек шаарындагы Мамлекеттик тарых музейинде 2-апрелден 5-апрелге чейин “Ден соолук жана сулуулук–2013” аттуу медициналык көргөзмө өтөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чара аталган министрлик, бул министрликтин алдындагы дарылар жана медициналык жабдыктар менен камсыздоо департаменти тарабынан уюштурулууда. Көргөзмөгө медициналык жабдыктар, фармацевтикалык жана косметикалык каражаттар коюлат.