Бүгүн Бишкек шаарындагы 215-маршруттук таксиде бараткан 40-45 жаштардагы жаранды милиция кызматкерлери бир ширеңкенин кутучасындагы нашаа менен кармашты. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Саат 18:30дан өтүп калган кезде маршруттук таксиде бараткан жерибизден белгисиз унаа келип жолду тосту. Милиция кызматкерлери арткы орундукта отурган жүргүнчүнү кармап түшүп кетишти. Ал киши отурган жерине ширеңкенин кутучасын таштаганга үлгүргөн экен. Милиция кызматкери ал кутучаны алып, бизге көрсөтүп "силер күбөсүңөр" деп, кармалган кишини алып кетишти",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.