Кыргыз жарандары каза болгон өрт боюнча Москва прокуратурасы "мыйзамсыз миграция" беренеси менен кылмыш ишин ачууну талап кылды

31-январга караган түнү Москва шаарындагы тигүү цехиндеги өрттөн кийин жүргүзүлгөн текшерүүлөрдөн соң шаардык прокуратура "мыйзамсыз миграция" беренеси менен кылмыш ишин ачууну талап кылды. Бул тууралуу 3-февралда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Москванын Чыгыш административдик округунун прокуратурасы 12 адамдын өмүрүн алган өрт кырсыгы боюнча Орусиянын федералдык мыйзамдарынын сакталышын текшерип жатат. Өрттөлгөн тигүү цехи жайгашкан жерде өлкөнүн миграциялык эрежелерин бузуу менен 15тен кем эмес башка мамлекеттен келген жарандар иштешкени аныкталган. Аларда иштөөгө уруксат берчү документ болгон эмес. Ага карабай мигранттарга жумуш орду, жашаганга жер берилип, айлык акы төлөнүп келген. Бул боюнча текшерүү иштери жүрүүдө.

Айта кетсек, Москва шаарынын Стромынка көчөсүндөгү тигүү ишканасындагы өрттөн 12 адам, анын ичинен 3 кичинекей бала каза тапкан. Алардын ичинде 8 кыргыз жараны, Орусиянын жарандыгын алган кыргыздардан жана өзбек жарандарынан экиден адам болгон. Адам өлүмүнө алып келген өрт кырсыгына байланыштуу кылмыш иши козголгон.

Өрттөн каза болгон кыргыздардын жакындары 2-февралда Орусияга учуп кетишкен. 3-февралда КРнын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери соттук-медициналык бюронун эксперттери менен жолугушуп, ДНКнын анализдерин тез арада чыгарып берүүнү суранышты. Жыйынтык чыкканда каза болгон кыргыз жарандарынын сөөктөрү туугандарына берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Pandora
2016-02-04 15:19:42
Кудай сактасын:( жакындарына сабыр берсин кудайым.
+1
samsungc3
2016-02-04 16:33:55
соокторду Кыргызстанга алып кетиштиби? Билгендер айтып койгулачы
+1
Shef87
2016-02-04 18:54:56
samsungc3,днка аныкталса анан берет туугандарына деп атпайбы бере элек болсо кайдап алып келет
+1
ali1995
2016-02-04 21:28:18
Ортон кийин ФМСтер текшерип журот.биз иштеген жергеда келип бирок документтерди коруп унчукпай кетишти
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан