Бүгүн, 20-мартта Бишкек шаарынын 135 жылдыгына карата “Менин шаарым-Бишкек” аттуу сынакка кабыл алуу башталды. Маалым болгондой, сынакка 14 жаштан 25 жашка чейинки бардык каалоочулар катышса болот. Шаардын тарыхын ыр, сүрөт, эссе аркылуу чагылдырган чыгармалар 22-апрелге чейин кабыл алынып, жыйынтыгы ушул эле күнү белгилүү болот. Эскерте кетсек, борбор шаардын 135 жылдык мааракеси 29-мартта белгиленмекчи.