2-апрелде саат 14:00дө Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде 7-апрель окуясына арналган “Апрель-2010” аттуу сүрөт көргөзмө ачылат. Аталган музейден кабарлагандай, анда коюла турган сүрөттөр фотограф Нина Горшковага таандык. Ал аталган каргашалуу окуядан көргөнүн, күнөөсүз каза тапкан адамдарды ак-кара түстө тарткан. Көргөзмө 2 аптага созулат.