Бишкекте “Кыргыз керемети” аттуу семинар болот

22-мартта Бишкектеги Лофт "Цех" "ММКларды колдоо борборунда" “Кыргыз керемети” аттуу семинар өтөт. Анда кыргыздын эски тасмалары көрүүчүлөргө тартууланат. Айтылгандай, семинардын биринчи күнүндө Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде жазылган “Биринчи мугалим” тасмасы коюлмакчы. “Бул тасма кыргыз кереметтеринин башаты. Ушул кинодон баштап Совет мезгилиндеги кыргыз кинематографиясы өзгөрө баштаган. Бул тасмалардын жаралышы тууралуу билбей туруп, дүйнөнүн маданиятын түшүнүүгө мүмкүн эмес”,- деп билдирет аталган борбордон. Айта кетсек, семинарды  белгилүү сүрөтчү жана маданият таануучу Гамал Бөкөнбаев алып барат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан