20-мартта Бишкектеги “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр борборунда Биринчи Май райондук администрациясы Нооруз майрамына арналган кече уюштурду. Концерттик иш-чараны аталган райондогу балдар чыгармачылык борборунун окуучулары тартуулашты. Мындан сырткары, кечеде балдардын колунан жасалган буюмдар көргөзмөгө коюлду. Айтылгандай, бул борбор 1985-жылы түзүлгөн, учурда анда 1400дөй бала билим алууда.