Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустарындагы этил спиртин, алкоголдук жана спирттик азыктарды өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көзөмөлү боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.А. тарабынан мыйзамсыз байлык топтоо фактысы табылып, кылмыш иши козголду. Ал 2015-жылдын декабрында жеке ишкерден 300 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда кармалган эле. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ж.А. жакын туугандары жана анын үй-бүлөсү, менчигинде жалпы баасы 5 миллион сомдон ашык кыймылсыз мүлкү жана 2 миллион АКШ доллары бардыгы аныкталган. Бирок ал киреше жана мүлк жөнүндө расмий декларацияны түзүүдө анын туугандарынын менчигинде болгон сатып алынган жана таризделген мүлктөрдү көрсөткөн эмес, ал Кыргыз Республикасынын “Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарда отурган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын киреше, милдеттенмелер жана мүлктөрү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо жөнүндө” мыйзамдын жана 2012-жылдын 25-декабрында №855-өкмөттүн токтому менен бекитилген “Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарда отурган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын киреше, милдеттенмелер жана мүлктөрү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тартиптери жөнүндө жобонун” талаптарын бузган.
Ж.А. жана анын туугандары көрсөтүлгөн мүлктөрдү алууга тиешелүү мыйзамдуу киреше булактары жок болгон. Анткени 1996-жылдан тартып 2015-жылга чейин Ж.А. Салык кызматынын тутумунда мамлекеттик кызматтарда иштеген, ал эми анын кээ бир туугандары мурда мамлекеттик кызматтарда иштеген жана эмгек акыдан башка киреше булактары жок болчу. Башка туугандары болсо ишкердик иш менен алектенген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча олуттуу кирешелери жана пайдалары жок болчу. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.