Нарын облусунда 2 жаштагы жээнин сабап өлтүрүүгө шектелип 4 баланын энеси кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда SUPER.KG порталына Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Ороз Молдосариев билдирди.
"Окуя 11-февраль күнү Нарын облусуна караштуу Учкун айылында болгон. Анда аймактык милицияга 2 жаштагы баланын өлүмү боюнча билдирүү келип түшкөн. Иликтөө иштеринин алкагында бала тынбай ыйлай бергенинен кылмышка шектүү катары кармалган 33 жаштагы К.Эрмек аны катуу сабап койгону аныкталган. Андан кийин бала өзүнө келбей жатып каза болуп калган. Учурда К.Эрмекке карата "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ал камакка алынды. Бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө",- деди О.Молдосариев.
Маалыматка ылайык, катуу ур-токмоктон улам каза болгон 2 жаштагы баланын апасы аны өз жеңесине 5-январь күнү калтырып, өзү акча табуу үчүн жумуш издеп борбор калаага кеткен. Кылмышка шектүү катары кармалган аялдын 1, 3, 6 жана 8 жаштагы 4 баласы бар экени маалым болду.