Ошто 1 жаш 2 айлык баласын муунтуп өлтүрүүгө аракеттенип, бала өлбөй калгандан кийин аны көчөгө таштап кеткен келин камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Замир Сыдыков билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-февраль күнү саат 09:00 чамасында Ош шаарынын Бөрүбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанынан кичинекей бала тынбай ыйлап баштаган. Көчөдө кароосуз калган наристенин энеси табылбай, аны саат 10:00 чамасында милиция кызматкерлери алып кетишкен. Ошол эле күнү ал тиешелүү мекеменин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Наристенин кийими жука жана каралбаган абалда болгон.
"Наристени дарыгерлер медициналык кароодон өткөрүшүп, мойнунда муунтуудан калган көк ала издер жана денесинде ар түрдүү жаракаттар бар экенин аныкташкан. Бир күндөн кийин милицияга баланын энеси "баламды кайра алайын" деп кайрылган. Сурак учурунда 22 жаштагы эне баласын көчөгө атайын таштаганын айткан, андан сырткары ал уулун муунтуп өлтүрүүгө аракеттенгенин мойнуна алган. Бул факт боюнча "адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө",- деди Сыдыков.