Бүгүн 15:04тө Бишкек шаарынын Абдрахманов-230 дарегинде жайгашкан Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрынын имаратында өрт чыкты. Бул тууралуу 16-февраль күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Окуя болгон жерде 2 өрт өчүрүүчү кызмат иштеген. Өрт өчүрүү 15:39да аяктаган. Жалпысынан 50 чарчы метр (2 бөлмө) өрттөнүп кетти. 10 баланы эвакуация кылышкан, бир киши иске ууланып, "Тез жардам" кызматкерлери чакырылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок.