Ошто "1 жаш 2 айлык баласын муунтуп өлтүрүүгө аракеттенген" деген шек менен кармалган келин бул кадамга аргасыздан барганын айтууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Замир Сыдыков билдирди.
"Камакка алынган келин сурак учурунда жокчулуктун айынан уулун бага албай, өлтүрүүгө аракеттенип, ал өлбөй калганда боору ооруп аны көчөгө таштаганын айтууда. Белгилүү болгондой, үй-бүлө буга чейин Кара-Сууда жашап келген. Наристенин атасы бир ай мурун Бишкекке иштейм деп кеткен бойдон байланышка чыккан эмес. Кылмышка шектүү күйөөсүнө "иште" деп айтканы үчүн ур-токмокко алынып, тамак-ашка жетпей ачка калгандарын кошумчалаган. Айласы кеткенде ал өзү картошка эгип, аны саталы деп айтканында дагы укпай койгон экен. Аргасыздан келин энесинин үйүнө кайтып келип, бирок ал жакта батына албай, баласын "ачка калгыча жашабай эле кой" деген ой менен аны өлтүрүүгө аракеттенгенин айтты",- деди З.Сыдыков.
Дарыгерлердин айтымында, бала катуу чочуп калган. Ал нес абалдан чыкпай, жанына келген адамдардан коркуп, эч кимди жакындатпай дале ыйлап жатат.
Айта кетсек, 14-февраль күнү белгисиз аял 1 жаш 2 айлык баласын көчөгө таштап кеткен. Бир күндөн кийин аны кайра алып кетүү үчүн милицияга кайрылган. Медициналык кароодон бала муунтулганы аныкталып, денесинен ар түрдүү жаракаттар табылган. Бул факт боюнча "адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, наристенин энеси камакка алынган.