17-февралда Түркиянын борбору Анкара шаарындагы катуу жардыруудан каза болгондордун саны 28ге, жаракат алгандардын саны 60ка жетти. Буга чейин каза болгондордун саны 5, жаракат алгандар 10 адам деп кабарланган.
Жардыруу Кызылай районундагы аскердик жатакананын жанында болуп, борбордун бир канча районуна угулган. Маалыматтарга караганда, полиция кызматы бомба унаага коюлганын болжоп жатат. Түркиянын премьер-министринин орун басары Бекир Боздаг бул жардырууну террордук чабуул деп атады. Каза болгондордун жана жаракат алгандардын басымдуу бөлүгү аскер адамдары экени айтылып жатат.