Бүгүн, 21-мартта Бишкек шаарындагы Улуттук филармонияда ырчы, бийчилердин коштоосу менен Нооруз майрамына арналган концерт өтүүдө. Майрамдык салтанатка президент Алмазбек Атамбаев, жубайы Раиса Атамбаева, төрага Асылбек Жээнбеков, мэр Иса Өмүркулов жана шаардык кеңештин депутаттары катышууда. Ошондой эле концертке конок катары маданият кызматкерлери, согуштун жана эмгектин ардагерлери чакырылган. Өлкө башчы жалпы кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктап, жакшылык, тынччылык каалады.