Бүгүн, 21-мартта Баткен шаарынын борбордук аянтында облус жетекчиси Жеңиш Разаков жергиликтүү тургундарды Нооруз майрамы менен куттуктап, салтанатты ачып берди. Шаардагы мекеме, ишканалардын өкүлдөрү аянтта жүрүш жасашты. Андан соң аластоо ырымы жасалып, театралдаштырылган оюн-зоок программасынын алкагында майрамдын катышуучуларына сүмөлөк таратылды. Обончу, аткаруучу Апаз Жайнаков, куудул Кубик Калыков, эстрада ырчысы Айпери Кубик кызы жергиликтүү ырчы, бийчилер Баткен элине майрамдык маанай тартуулашты. Ал эми майрамдын кийинки бөлүгү спорттук оюндар менен улантылмакчы.