Бүгүн, 21-мартта Ош шаарында Нооруз майрамына карата уюштурулган салтанатка өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев катышты. Майрам Ош мамлекеттик университетинин эмгек жамааты даярдаган сүмөлөктөн ооз тийүү менен башталды. Андан соң премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, мэр Мелис Мырзакматов, облус башчысы Сооронбай Жээнбеков куттуктоо сөздөрүн айтышты. Шаардыктарга мэрия тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.