Сиздердин назарыңыздарга ар кайсы маалда жана ар кайсы өлкөдө тартылган сейрек кездешүүчү тарыхый сүрөттөрдү коймокчубуз.
"Эркиндик" статуясынын сейрек кездешүүчү сүрөтү. Статуянын факел бөлүгүндөгү балкондон тартылган. Ал жакка чыгууга 1916-жылдан баштап тыюу салынган.
Техастагы чаң сапырган бороон. 1935-жыл, 18-апрель.
Жер семиртүү үчүн бизондордун чогултулган баштары, 1870-жыл.
Чатырда бокс менен машыгып жаткан кыздар, 1938-жыл.
Электрик ток ургандыктан дем албай калган кесиптешин жасалма дем алдырууда, 1967-жыл. Ал тирүү калып, 2002-жылы каза болгон.
Мейманкананын менеджери кара терилүүлөр түшүп жаткан бассейнге кислота төгүп жаткан учур, 1964-жыл.
Согуштан кийинки Берлин, 1945-жыл.
Капитолийдеги Жон Кеннедини акыркы сапарга узатуу учуру, 1963-жыл.
Экинчи дүйнөлүк согуш маалында колготки жетишпегендиктен, кыздар аны бутуна тартышууда, 1942-жыл.
54 немис аскерин атып өлтүргөн 19 жаштагы көзгө атар Роза Шанина.
Гибралтардагы прожекторлор, 1942-жыл.
Бомба чабуулунан кийинки Лондон, 1940-жыл.
Немис аскери наны менен орус улутундагы эне менен бөлүшүүдө, 1941-жыл.
Колго түшкөн немис аскери кайтып келип, үйүнө бомба түшүп, үй-бүлөсү каза болгонун билген соң, 1946-жыл.
Титаниктин акыркы сүрөтү, 1912-жыл.
Франциядагы алгачкы Олимпиада оюндары, 1924-жыл.
Токио бомбаланган соң, 1945-жыл, март айы.
Голливуддагы жазуунун биринчи варианты.