Бүгүн, 31-октябрда Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин короосун кесип өткөн Миңжылкыев көчөсү унаалардын кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Тыналиев көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейинки 1,4 чакырымды түзгөн жол асфальтталып, тротуарлар курулду. Ошондой эле жол боюна 84 түп клён дарагы отургузулуп, автоматташтырылган сугат системасы орнотулду.
"Мэр Айбек Жунушалиев тиешелүү кызматтарга эки жер алдындагы жөө адамдар өтмөгүнүн курулушун тездетүүнү жана жолго жасалма дөңчөлөрдү орнотуу тапшырмасын берди", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, буга чейин бир топ жарандар коопсуздукка байланыштуу Миңжылкыев көчөсүнүн ачылуусуна нааразычылыгын билдиришкен. Өз кезегинде шаар мэриясы бул жолду ачуу шаардагы тыгындарды азайтууга жардам берерин маалымдаган.