27-мартта саат 10:00дө Бишкекте өткөн Франкофония жумалыгынын негизинде Кыргыз экономикалык университетинде француз ашпозчулары өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Маалым болгондой, иш-чарага Франциядагы кондитердик тамак-аш ишканаларынын биринин ашпозчусу Клод Менар, “Рататуй” ресторанынын ашпозчусу Лариса Сеймук жана Кыргызстандагы ашпозчулар гильдиясынын президенти Виктор Цой катышмакчы.