Парижде биринчи жолу Нооруз майрамы белгиленди

21-мартта Франциянын борбору Париж шаарында Нооруз майрамы чоң салтанат менен алгачкы жолу белгиленди. Бул иш-чаранын демилгечиси жана демөөрчүсү Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков болуп, кечеге ЮНЕСКОго мүчө 146 мамлекеттин туруктуу өкүлдөрү, элчилер, Париждеги кыргыз диаспорасынын кызматкерлери күбө болушту. Келген меймандарга кыргыз ашканасынын дүйүм тамактары, уча, казы-карта, чучук, боорсок жана башка даамдар тартууланды. Ал эми Карганбек Самаковдун жакшы тилек-ниет менен уюштурулуп жаткан Нооруз майрамы илгертен эле ынтымактын, биримдиктин майрамы болуп келгенин айтат. Майрамды белгилүү музыкант Курмангазы Азыкбаев менен кызы Нурайым Азыкбаеванын аткаруусундагы ыр-күүлөр коштоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан