Бишкекте ири компаниянын башчысы 16 жаштагы кызга үйлөнүп, мурунку аялын "өлтүрөм" деп коркутууда

Бишкек шаарынын тургуну Анара Сариева өзүнүн жана балдарынын жашоосуна жолдошу, "Иска строй" курулуш компаниясынын директору Нарынбек Сариев коркунуч жаратып жатканын 1-мартта журналисттер менен жолугушууда жарыялады. Жабырлануучумун деген айым окуянын чоо-жайын минтип түшүндүрдү:

"Жолдошум менен 13 жылдан бери жашап келем. Көп жылдан бери мени ур-токмокко алып, тапанча менен коркутуп жүрсө да билдирбей, балдарым үчүн кечирип жашап келгем. 2015-жылы балдарымды баккан 16 жаштагы Айпери аттуу кызды ээн талаага алып барып зордуктаганы тууралуу маалыматты мага кыз өзү жана анын апасы Чолпон Асаналиева айтып берди. Бул боюнча кыздын апасы арыз менен милицияга кайрылган, бирок күйөөм кызга жана ата-энесине үй сатып берип, жардам кылган соң ишти жаап салышкан.

Азыркы күндө күйөөм ошол кыз менен жашап жатат. Мен Айперини бала багуучу кылып 2015-жылы алгам. Жашы жете элек болгондуктан, эжесинин документин көрсөтүп жумушка кирген экен. Бул окуядан кийин биздин үйүбүздө чыр-чатактар көп болуп, жолдошум мени балдарым менен үйдөн кууп чыккан. Өзүмө тийиштүү үйүм жок болгондуктан, ата-энемдин үйүндө үч балам менен жашап жаткам. Кийин күйөөм “Республика - Ата Журт” партиясынын атынан депутаттыкка талапкерлигин койгон. Ошол маалда үлгүлүү үй-бүлөнүн жүзүн көрсөтүү үчүн бизге кайра келе баштады. Мен балдар үчүн кайрадан аны менен жашап калгам. Талапкерлиги өтпөй калганда үйүбүздө чыр-чатактар чыгып, бизди кайрадан үйдөн кубалап салды.

Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү бөлүү үчүн документтерди жолдошума берип, арыз да жазгам, бирок бир жылдан бери бул ишти карабай жатышат. Тескерисинче, мага карата коркутууларды көрсөтүп, менин үстүмдөн жолдошум "менден пара алды" деп арыз жазыптыр. Анын айтымында, параны алып жаткан маалда милиция кызматкерлери мени кармап, Октябрь РИИБине жеткиришкен. Ал жактан "мага тийиштүү мүлктөрдүн үлүшүнөн баш тартам" деген билдирүү кыл" деп айтышкан. Андан сырткары Октябрь РИИБинин Бектемирова деген кызматкери мени сабаганга чейин барган.

Мен мунун үстүнөн арыз жазып барбаган, кайрылбаган жерим калган жок. Нарынбек Сариевдин акчасы менен баары менин арызымды четке кагып жатышат. Ошол себептен мен мамлекет башчыбызга кайрылат элем. Урматтуу Алмазбек Шаршенович, сизден суранам, менин ишимди өз көзөмөлүңүзгө алып, мага жардам берип коюуңузду өтүнөм".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (42)
LIVER
2016-03-01 19:14:53
ХХХ балдарын убал-сообунан коркпогон ХХХ ХХХ ХХХ...
+5
josholu
2016-03-01 19:23:11
Азыр акча баарын чечип калган Айпериге уй алып берсе анын ата-энеси чон кызым дагы бар аласынбы дебеди бекен
+5
admin_portal
2016-03-02 13:10:20
LIVER - эскертүү!
Кимдир бирөөлөрдү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
tursunbaev2016
2016-03-01 20:48:31
Ушуга окшогон акылы тайкылар парламентке келип алып ойду кырды суйлоп тантырап жатат Кыргызстанга качан патриот эл учун куйгон адам бийликке келээр экен
+5
Munar8625
2016-03-01 21:13:55
Мен 5 6жыл мурда Темир Сариевдин бир туугандарыда страилтелный фирмалары бар деп уккам балдарды кидала кылат деп.
-2
Aselina_kg
2016-03-01 21:18:03
Эркектер балдарын таштап качмай заманбы?Тооба кылдым! Убалдан коркпой калды адамдар
+3
konsilium
2016-03-01 22:06:19
Ай ким билет,ким билет.
0
Deniza88
2016-03-01 22:16:58
Сариев озу 55 жашта болсо, бул аялы менен 13 жыл жашаса ал 42 жашында уйлонуп калабы???
-1
nelya88
2016-03-01 22:28:02
Кобунчо аялдар 'акчабыз коп болуп укмуш жашасак' деп кыялданышат,ал эми дал ошол АКЧА куйоолорун бузаарын билишпесе керек..
0
ZANIA-92
2016-03-01 22:38:07
Урматтуу президент Шаршенович, бул ишти оз козомолунузго аласыз деп ишенем. Жыйынтыгы жакшы чыгышын кутобуз.
+3
Altynai2007kg
2016-03-02 00:33:52
Эже сабыр кылыныз.Ушундай эр соройлор кобойо баштаганы окундурот
0
nurik77777
2016-03-02 05:26:10
Азыркы заман акчалуулардын заманы болуп калдыго)))))
0
ss90
2016-03-02 09:36:49
Бети жок десе!!! уч баланын убалы уктатпасын!!! секелек кыздардын улуу кишилер м.н журуп кеткендери толтура экен... эмнеге антип жатышат?! акчага алданып жатышса керек?! озу тендуу уландарга эле турмушка чыкпайбы?! келечектерин акча учун талкалабай...
0
koshnazar
2016-03-02 14:24:31
Нарынбек Сариев уч баланын убалы бар
кайра арекет кылын жашаганга
0
bela77
2016-03-02 14:58:48
А-ха-ха Бул Нарынбектин дагы бир косягын билем туугандар...мен жашаган айылда партияларга угуттоо иши журуп жатканда, байкемди иштетип туруп акчасын толобой койгон.Уй-булосуно чыккынчылык кылса кылат.Кичинекей мамлекетин башкара албагандан кийин саясатта бок барбы дейм да.Акча адамды коптурот деген чын тура. Карачы бир татына уй-булосун чанып оозунан суту кете элек кызга уйлонгонун,туз эле шайтандын жолу менен баратканын.
+4
BARSBEK.KG
2016-03-02 19:34:42
Бетине тукурдум акмактын
0
Nurtilek001
2016-03-02 21:06:09
Копкон неме экенда,пара алды деп аялын карматканы кызык экен,балдары учун деле берет да,укук коргоо органдары деле акмак аларга акча берип койсо болду экенда,куйоосунон пара алды деп аялын кармаш законго карама-кары келет да,аларга сугунтуп койсо болду да ошол жактын созун суйлой берет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан