Ош облусунун Ноокат районундагы Бор-Баш айылындагы мектептин спорттук аянты айдоо жерге окшоп турат. Бул тууралуу окурман бүгүн, 2-мартта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Бор-Баш айылындагы Ой-Талаа мектебинин спорттук аянтын жакшылап оңдойбуз деп бузган эле, бирок оңдоо иштери аягына чыккан эмес. Учурда ал айдоо жерге окшоп турат. Стадион уңкур-чуңкур болсо деле балдар келип ойношот",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.