Бүгүн, 22-мартта "Тамашоунун" жарым финалдык оюндары башталат
Бүгүн, 22-мартта саат 18:00дө Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда "Тамашоу" долбоорунун жарым финалдык оюндары башталат. Таймаштын биринчи күнүндө 6 команда ат салышат, алар: "No Name", "Ак Өргө City", "Ак Kеме", "NutsTан" "Ысык-Көл" жана "Бишкек" командалары. Ал эми эртең, 23-мартта "Моника Беллуччи", "Тамадалар", "KG 77", "Позитифф", "КГБ", "УКГ № 5" командалары оюн көрсөтөт.