22-мартта Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрында “Жаз-жай-2013-2014” аталыштагы мусулман кийимдеринин мода көргөзмөсү өттү. Мындай иш-чара Кыргызстанда экинчи жолу өткөрүлүп жатканын айтат көргөзмөнүн демилгечиси, актриса Айжан Акылбекова. Ал эми мусулман кийимдерин сүйүүчүлөргө 10 кол өнөрчүнүн “Коомчулукта мусулман”, “Заманбап этника” жана “Кече жана үлпөт кийимдери” деген аталыштагы кийимдери тартууланды. Соңунда кол өнөрчүлөргө дипломдор ыйгарылып, кийимдер апрель айында өтүүчү жарманке учурунда сатыла тургандыгы айтылды.