Ырчы Ильяз Андаштын “Кыздарга ишенбе” аттуу жаңы ыры чыкты. Ырдын сөзү Үсөн Дайырбековго, обону Съездбек Искеналиевге таандык. “Негизинен, ыр 1-майда бет ачары боло турган “Карт бойдок” аттуу көркөм тасмага саундтрек катары жазылды. Клиби учурда тартылып жатат. Ал эми ырдын мааниси тууралуу айтсам, анда үйлөнбөй жүргөн бойдок, жаш кыздарга алданган эркектер тууралуу айтылат. Бирок бул менин жеке жашоомо тиешеси жок”,- дейт ырчы.