Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Киров атындагы орто мектебинин окуучусу аталган окуу жайдын 2-кабатынан кулады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти. Укук коргоо органынан кабарлашкандай, учурда бала үйүндө, аталган факт боюнча тергөө иштери жүрүүдө.
Аталган мектептин SUPER.KG'ге берген маалыматына ылайык, жабырлануучу бала 9-класстын окуучусу. "11-класстын окуучулары ага "салык" салып коркутушуп, эшиктин алдында күтүп турушкан. Бала мектептин 2-кабатынан секирип, качып кетүүгө аракет жасаган. Жыйынтыгында анын бели сынган",- дешти окуу жайдан.