Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери Желмаянды башкарып бараткан 4-класстын окуучусун токтотушкан.
Мекеменин бүгүн, 31-октябрда берген маалыматына ылайык, окуучу унаанын жүк ташуучу бөлүгүнө классташтарын салып алган.
Бул факты боюнча жашы жете элек баланын атасына укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.