Талас шаарындагы үйлөрдүн биринин короосунан айрым дене мүчөлөрү жок, жансыз абалда табылган ымыркайдын энеси кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде SUPER.KG порталына Талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында 4-апрелде кылмышка шектүү катары 25 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Анын көрсөтмөсүнө ылайык, ал 25-март күнү кечинде көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жанынан эркек бала төрөп, аны төрөгөн жерине таштап кеткен. Мындай кадамга барганын ал бала никесиз төрөлүп жана аны багууга мүмкүнчүлүгү жок экендиги менен түшүндүргөн. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмышка шектүү келин мурда турмушка чыгып, кийин ажырашып кеткен, анын бир кызы бар.
Эскерте кетсек, 26-мартта саат 08:30 чамасында милицияга Оторбаев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин короосунан айрым дене мүчөлөрү жок жаңы төрөлгөн баланын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган дарекке барган милиция кызматкерлери киндиги кесилбеген, айрым дене мүчөлөрү жок ымыркайдын жансыз денесин көрүшкөн. Бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган.