Биз социалдык тармакта

Ошто дагы бир бала бакча оңдоодон кийин пайдаланууга берилди

Бүгүн, 16-ноябрда Оштун мэри Жанарбек Акаев капиталдык оңдоодон өткөн “Таң-Шоола” бала бакчанын имараты менен жеринен таанышып, анын ачылышына катышты. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалым болгондой, имаратты капиталдык оңдоо иштери 2026-жылдын август айында башталган, мэр жаңы бала бакчанын ачылышы менен куттуктап, аталган бала бакчага эки телевизор белек кылды.
"Оңдоо иштеринин алкагында имарат толугу менен жаңыланып, балдар үчүн заманбап оюн аянтчалары курулду. Алардын аймактарына коопсуздук талаптарына жооп берген резина төшөлмөлөр төшөлүп, имараттын фасады жаңыланып, терезелери заманбап пластик терезелерге алмаштырылды. Жүргүзүлгөн капиталдык оңдоонун натыйжасында балдар үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап талаптарга жооп берген шарттар түзүлдү", - деп кошумчалады мэриянын басма сөз кызматы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан