Биз социалдык тармакта

Кызарт ашуусунда жаңы жол тейлөө пункту пайдаланууга берилди 

Бүгүн, 16-ноябрда Балыкчы – Жалал-Абад автоунаа жолунун (Түндүк–Түштүк альтернативдик жолу) 107-чакырымында, Кочкор–Жумгал жолундагы Кызарт ашуусунда жол тейлөө кызматкерлери үчүн жаңы пункт ишке киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жаңы имаратта жол тейлөө кызматкерлеринин иштөөсү жана эс алуусу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлдү. Атап айтканда, иштөө жана эс алуу бөлмөлөрү, жылынуучу жана тамактануучу жайлар каралды. Ошондой эле жол техникаларынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу максатында жылытылган гараждар курулду.

Белгилей кетсек, Балыкчы–Жалал-Абад альтернативдүү автоунаа жолунун үч тилкесинде жол тейлөө пунктун куруу каралган. Калган эки объекттин курулушу да аяктоо алдында турганы маалым болду.

Алар Тогуз-Торо районунун аймагындагы 260-чакырымда жана Сузак районундагы 357-чакырымда жайгашкандыгы айтылды.

Долбоордук наркы 210 миллион сомдон ашык болгон объекттерди кошумча инженердик иштер менен бирге болжол менен 140 миллион сомго бүткөрүү мүмкүнчүлүгү каралганы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан