Биз социалдык тармакта

Умрага бара жаткан 60тан ашуун кыргызстандык Ташкентте кармалып калды

Тышкы иштер министрлиги Умра кичи ажылыгына бара жаткан 60тан ашуун кыргызстандык учуучу каттамдын кармалышынан улам Ташкент шаарындагы эл аралык аэропортто калганын билдирди.

Маалыматка ылайык, министрликтин тапшырмасы менен Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин кызматкери ыкчам түрдө аэропортко барып, жарандар менен жолугушкан.

Учурда Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик менен биргеликте кырдаалды жөнгө салуу аракеттери көрүлүүдө. Ошондой эле сапарды уюштурган туристтик компания менен тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат берилет. Маселе Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө экендиги айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан