3 килограммдан ашуун баңгизат менен эки жаран кармалды (фото)

Баткен жана Жалал-Абад облустарынан 2,5 килограмм марихуана жана 744 грамм гашиш менен жарандар кармалышты. Бул тууралуу Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, 5-апрелде ыкчам издөө иштеринин алкагында Баткен облусунун Суу-Бою айылынан мыйзамсыз түрдө баңгизатты жүгүртүүгө шектелген жаран кармалган. Териштирүү иштеринин алкагында кылмышка шектелип кармалган адам Тажикстан мамлекетинин 44 жаштагы С.Н. аттуу жараны экени белгилүү болгон. Анын жеке буюмдарын текшерүү маалында 744 граммдан ашуун гашиш табылган.

Ошондой эле Базар-Коргон районунун Арстанбап айылынан 43 жаштагы Х.Р. аттуу жаран кармалып, анын жеке буюмдарын текшерүү маалында эки литрлик банканын ичинен 235 грамм марихуана табылган. Кийинки күнү кылмышка шектелип кармалган жарандын үйүн тинтүүгө алганда 1 килограмм 555 грамм марихуана бар экени аныкталган. Баңгизаттын жалпы салмагы 2 килограмм 534 граммды түздү.

Аталган фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
travma
2016-04-07 11:30:54
ХХХ жон эле журбой биздин мамлекетте банги заттарды сатып таратып или перевозчик болуп журот ИИМ СНБ каяктв карап олтурат
+1
admin_portal
2016-04-07 11:46:03
travma, улуттар арасында түшүнбөстүк жаратуучу билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган! Билдирүүңүз түзөтүлдү!
0
Inna_91
2016-04-08 20:40:15
Дагы бироонун фотосу жокко арам тамак аш болбойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан