Борбор калаадагы Махатма Ганди көчөсүндө зым карагай унаа өтүүчү жолго кулап калды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман кабарлады.
"Махатма Ганди көчөсү менен Чоң Чүй каналына жетпей, жол боюндагы зым карагай жолго кулап түштү. Аталган аймакта кыска убакытка унаа тыгыны пайда болду. Белгилүү болгондой, жол боюнда оңдоо иштери жүрүп жаткан, бирок зым карагайды атайылап түшүргөн жок. Жолго кулаган зым карагай айдоочуларга ыңгайсыздык жаратты. Эч ким жабыркаган жок",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.