КҮНСЕРЕП: Жогорку Кеңешке "кожоюн" шайланбай калды

Бүгүн, 20-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Жогорку Кеңештин спикери шайланбай калды... Төрагалыкка талапкер Бакыт Төрөбаев менен Канатбек Исаев туптуура 51:51ден добуш алышты. Спикерликке шайланууга керектүү 61 добушту эч кимиси алган жок, атүгүл экинчи турга өтүү мүмкүнчүлүгүнөн айрылышты. Эгерде бирөөсү 1 добуш ашыкча алганда "атаандашынан көбүрөөк добуш алды" деп экинчи турга өтмөк да, кайра добуш берүү болмок. Андайда жалгыз талапкердин спикер болуп шайлануусуна жакшы "шанс" түзүлмөк. Андайга зарылчылык жаралбады... Дымагы күчтүү эки талапкер боюнча добуштардын тең экиге бөлүнүп калышы бийлик ээлеринин баш оорусун жеңилдетти...

Спикерлик - катардагы кызматтык бош орун эмес, андыктан креслону КСДПнын башкаларга жөн эле кармата бериши кыйыныраак. Парламентти баары бир бийликтин "өзүнүн" кишиси же өзүнө ыңгайлуу бирөө башкармак, иш жүзүндө ошого жакындап баратат. Асылбек Жээнбеков спикерликтен кеткенден кийин ордуна Чыныбай Турсунбеков шайланары айтыла баштап, бирок талапкер делинип ортодон Төрөбаев менен Исаев чыга келди. Мындай жүрүштү бийликтин коалиция ичиндеги амбициясы күчтүү лидерлерди "асмандан жерге түшүрүү" аракети деп баалоого мүмкүн. Сунушталган эки талапкер "жетиштүү добуш албады" аталып жолду бошотту, эми бийликчил партия "мен" деп жулкунбаган, бирок бийликке ишенимдүү жоокер болуп берчү бирөөнү спикерликке дайындоого киришет.

Эми спикерликке "Ата Мекенден" Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов талапкер болуп чыгышы мүмкүн. Бирок булардын амбициясы дагы бийликти тынчыраак уктатпайт. Жакынкы күндөрү КСДП талапкер чыгарбай, ордуна "Кыргызстан" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракцияларынан карашы күтүлөт...

Шайлоо процессиндеги айрым жагдайларды белгилейли...

Эсептөө комиссиясынын катчылыгына шайланган депутат Чолпон Жакупова комиссия мүчөлөрүнөн оолак жайгашып, добуш берүү кабинасына бараткан депутаттарды көзөмөлдөп отурду. Дээрлик бардык депутаттар бюллетень толтурганы баратып, Жакупова менен кыска-нуска сүйлөшүп жатышты. Чамасы, добуш берүүнүн таза өтүшүн көзөмөлдөөгө аракет кылды... Бул арада депутаттардын добуш берүү кабинасына уюлдук телефонун ала киргени ызы-чуу жаратып барып басылды. Дагы бир жагдай: добуштар эсептелип бүтө электе эсептөө комиссиясынын айрым мүчөлөрү добуштар тең-тең бөлүнгөнүн колдору менен жаңсап көрсөтүп жатышты, залда отурган "шефтеринин" көңүлүн жайгарууга шашылышты окшойт.

Жаңы кыргыз тарыхында 2-жолу ушундай окуя болуп жатат. 2010-жылы Өмүрбек Текебаев спикерликке талапкер болуп чыгып, 3 гана добуш жетпей калып шайланбай калган. Текебаевди спикерликке өткөрбөөгө ошол кезде Өмүрбек Бабановдун "Республика" фракциясы кызыкдар болгон. Текебаевге каршы добуш беришкенин көп өтпөй "республикачы" депутат Исхак Пирматов айтып чыкканы белгилүү.

Ошентип, интрига бүттү... Төрөбаев менен Исаев оюн талаасынын четине чыгышты.

Бишкек мэриясы шаардагы жарнамалык тактайларды иретке келтирүүнү дагы эле эптей албай жатат. Мекеменин билдиришинче, быйылкы жылдын башынан бери борбор калаада көрнөк-жарнактарды "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын талаптарына ылайыктоо боюнча бир дагы рейд жүргүзүлө элек. Рейддер өткөрүлүп эле жүрөт, бирок Бишкек шаары баш аламан көрнөк-жарнактан арылып кеткен жок. "Бишкекти кыргызчалайбыз, мамлекеттик тилге көңүл буруу күчөйт" деп шаар жетекчилиги тарабынан айтылган убадалар сөз жүзүндө гана калууда. Мэриянын Жарнама департаменти болсо 1 жыл мурун жоюлуп кеткен.

Жаманбы-жакшыбы, аталган департамент иштеп турганда жарнамалардын эскиздери алгач текшертилип, анан илинип келген. Мисалы, 2014-жылы мэриянын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнө 662 кайрылуу түшүп, кыргыз тилине которууда көмөк көрсөтүлсө, былтыр кайрылгандардын саны 292ни гана түзгөн. Башкача айтканда, эки эсе азайып кетти. Ал эми 2015-жылдын I жарым жылдыгында Бишкекте 1240 талапка жооп бербеген сырткы жарнама чечилип алынган, алардын 375инин мамлекеттик тилдеги тексти жок болгон.

Мындан тышкары өлкөдө кыргыз тилин өнүктүрүүнү демилгелеп чыгуунун өзү кыйын. Аракет башталса "башка улуттардын укугу тебеленүүдө" деп кыйкырып чыгышат. 2014-жылы парламент жыйынында депутаттар өкмөт мүчөлөрүн кыргыз тилинде баяндама берүүсүн талап кылышканда депутат Ирина Карамушкина кесиптештерине каршы "мыйзам боюнча баяндамачы кыргыз тилинде баяндама жасоого милдеттүү эмес" деп кыйкырып чыккан. Мындан кийин тилге күйүмүш болгон депутаттардын оозу жабылган.

Абдыкалык Маматов аттуу 29 жаштагы жаран жол кырсыгына кабылып оор абалда калышына экс-депутат Урмат Ишенбековдун бир тууганын күнөөлөп жатат. “Мени сүзгөн унаанын ичинде "Айгүн Иншаат" курулуш компаниясынын башчысы Айгүн Раюф, "Ала-Тоо", "Кайнар", "Барашек" ресторандарынын кожоюну Бакыт Ишенбек уулу жана Кайрат Алмазбеков, Асел Алиева аттуу жарандар бар экенин жана унааны В.Кравченко аттуу адам айдап бара жатканы белгилүү болгон. Мен ооруканада жатканда алардын жактоочусу келип, “Сага 500 миң сом беребиз, тосмо арыз жазып бер. Мыйзамга таяна турган болсоң, баары бир жеңе албайсың, анткени Бакыт Ишенбек уулу депутат Урмат Ишенбековдун (ред. Урмат Ишенбеков Жогорку Кеңештин VI чакырылышына "Кыргызстан" фракциясынан депутат болуп келип, кийин мандатынан ажыратылган) иниси болот” деп айтып кеткен",- дейт жабырлануучу.

Кыргызстанда былык иштерди жабуу үчүн кызматтык статусту, тааныштардын "авторитетин" пайдалануу кадимки көрүнүш. Башында чуулуу фактыларга чиновниктердин катышы бар экени айтылып, бирок кийин иштин дайыны билинбей кеткен учурларды саноого мүмкүн. 2013-жылдын 23-декабрында жол кырсыгынан телеканалдардын бириндеги долбоорго катышкан көзү ачык Кубаныч Мурзаев каза тапкан. Бул кырсыкка катышы бар деп ошол кездеги парламент депутаты Чолпон Султанбекованын (азыр да депутат) аты аталганы белгилүү. Депутат ал күнү кызматтык унаасында болбогонун, айдоочусунун унаасында бара жатканы жана маркум унаа сүзгөнгө чейин эле каза болуп жолдо жатканын билдирген. Тергөө жүрүп жатканы айтылып, маселе кайра көтөрүлгөн эмес.

2015-жылдын жайында V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин "Ата Журт" фракциясынын депутаты Таалайбек Ибраевдин кызматтык унаасы адам өлүмү менен аяктаган кырсыкка катышкан. Жабырлануучу 40 жаштагы Аида Орозобаева ооруканадан каза болуп, депутат тосмо арыз жаздыруу үчүн 200 миң сом сунуштаганын маркумдун жакындары айтып чыгышкан.

2011-жылы 15-августта Бишкек-Торугарт автожолунан ошол кездеги Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаев Тойота Ленд Крузер үлгүсүндөгү унаасы менен каршылаш тилкеге чыгып Ауди үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Жыйынтыгында Аудинин айдоочусу Талгар Турдукеев, жүргүнчүлөр Алтынай Турусбекова жана Жайнак Мурат уулу каза табышкан. Экс-мэрдин уулу шарттуу түрдө 7 жылга кесилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан