Нурсултан Назарбаев Казакстанда педофилдерге карата милдеттүү түрдө кастрация колдонуу боюнча мыйзамга кол койду

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлкөдө педофилдерге карата мыйзамдуу түрдө бычуу ыкмасын (кастрация) колдонуу боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, казак парламентинин сенаты "Балдарды коргоо" мыйзамына бир нече өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдогон. Анын ичинде педофилдерге ушул жазаны колдонуу да бар.

"Химиялык бычуу - сексуалдык зомбулуктун алдын алуу үчүн колдонулуучу медициналык ыкма. Бул бир жолу сайылчу инъекция. Аны сайган соң адам өмүр бою ошол бойдон калбайт. Бул жаза медициналык мекемелердин соттук чечиминен кийин гана колдонулат",- деген сенатор Бырганым Айтимова.

Эске салсак, химиялык кастрацияны педофилдерге колдонуу 2013-жылы биздин өлкөдө да сунушталган, бирок ошол бойдон каралбай, унутта калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан