Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Алмалуу-Булак айылында жер көчкү жүрүп, 1 адамды басып калды. Маалыматты окурман бүгүн, 27-апрелде WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, жер көчкү бүгүн саат 16:00 чамасында жүрүп, 7 үйдү басып калган. "Бир бала көчкүнүн алдында калды. Бирөөсүн куткарып алышты", - дейт окурман. Учурда аймакка Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары барышканы айтылды.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.