ЭЛДИК КАБАР: Бишкекте II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген айым үч эм төрөдү
Бишкекте 28 жаштагы Каныкей Анапияева аттуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген келин 5-майда үч эм төрөдү. Анын мурун бир кыз, бир баласы бар болчу. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
Маалыматка ылайык, балдардын экөөсүнүн салмагы 1,9 килограмм, бириники 2,1 килограммды түзгөн. Балдардын эң чоң салмакта төрөлгөнү бүгүн, 8-майда чарчап калды.
"Апасы эсин жоготуп, жакшы боло албай жатат. Балдардын ден соолугу жакшы", - деп билдирди үч эмди жарыкка алып келген айымдын сиңдиси.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.