№50-СИЗОдон качкан кылмышкерлердин иши боюнча соттук отурум: "Кылмышкер Итибаев "мен эч нерсе жоготпойм" деп билдирген" дейт суракка алынган кызматкер

Бүгүн, 11-майда Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-абактан качкан кылмышкерлердин иши боюнча соттук кароо Свердлов райондук сотунда уланууда. Соттук отурумдун жүрүшүндө окуянын күбөлөрүнүн бири Чүй облусунун мурунку Жол-кайгуул кызматынын кызматкери Кубанычбек Бакиев да суракка алынды.

“Ал түнү биз Бишкек-Кордай унаа жолунда түнкү кароолдо болчубуз. Бизге "№50-абактан 8 кылмышкер качып кетти" деген маалымат түштү. Маалыматка ылайык, кылмышкерлер Эстима үлгүсүндөгү 54 84 мамлекеттик номурдагы унаа менен качышкан. Биз жолдон өткөн унааларды текшере баштадык. Аталган унаа жаныбыздан өтүп бараткан учурда биз аны токтотууга аракеттендик, бирок алар баш ийген жок. Биз унаанын артынан кубалап баштадык. Унаа Ат-Башы каналынан бурулуп, кызматкерлердин токтотуусуна баш ийбестен борбор калаанын аймагына кирип кетти", - деди К.Бакиев.

Анын айтымында, Ленин айылынан унааны токтотуу учурунда унаадан А.Итибаев менен Д.Кыдыралиев өрт өчүрүү учурунда колдонулуучу балта менен сыртка түшүшкөн. Бирок кайрадан унаага түшүп качып кетүүгө үлгүрүшкөн.

"Биз тарапка коркутуу болгон үчүн абага бир нече жолу ок чыгарганбыз. Менин кесиптешим унаанын дөңгөлөгүн атып жарганга үлгүргөн. Кылмышкерлер алыска кете алышкан жок, дөңгөлөгү жарык болгондугуна байланыштуу унаа токтоп калды. Унаанын ичинде 7 адам бар экен. Бизге абактан 8 адам качты деген маалымат айтылган болчу. Биз унаага келип, Итибаевге сыртка чыгуу буйругун берип, тапанчаны көкүрөгүнө такадык, ал бизге эч нерсе жоготпостугун билдирди. Ал эми кылмышкер Эдил Абдрахманов унаанын ичинде жок болчу", - дейт К.Бакиев.

Эске салсак, 12-октябрга караган түнү Төмөнкү-Нооруз айылында жайгашкан №50-абактан жалпы 9 адам качып чыккан. Абактан качкан кылмышкерлердин колунан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Таалайбек Өмүрзаков, Туратбек Садыбакасов, Орозбек уулу Фархат ошол күнү каза болушса, оор жаракат алган Тилек Абылгазиев ооруканада өзүнө келбей жатып жан берген.

Качып чыккан кылмышкерлердин бешөөсү ошол эле түнү МАИ кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Кармалгандардын арасынан үч кылмышкер: Муратбек Жумалиев, Таалайбек Жуманов жана Бакыт Кенжегулов жүрөк оорусу, дем алуу органдарынын жабыркашынан жана баш сөөгүнөн алган жаракатынан түрмөдө каза болушту.

Качып чыгып издөөдө жүргөн Данияр Кадыралиев Дордой конушунда 16-октябрда, 28 жаштагы Азамат Мусуралиев 20-октябрда Сокулукта өлтүрүлгөн. Издөөдө жүргөн кылмышкерлердин бири Эдил Абдрахмановду 22-октябрда кармоо учурунда анын бутуна ок тийген эле. Ага Чүй облустук ооруканасындаоперация жасалды. 22-октябрда Алтынбек Итибаевди Достук кичи районундагы №8-Б көп батирлүү үч кабаттуу үйдө кармоо операциясынын жүрүшүндө ал курал колдонуп каршылык көрсөткөн. Ок атышуу болуп, А.Итибаев өлтүрүлгөн.

Ал эми Алик Мамыркуловдун буйругу менен "коом үчүн коркунучтуу кылмышкерлердин түрмөдөн качуусуна жеткирген олуттуу каталарды кетиргени үчүн" деп №50-СИЗОнун бир топ жетекчилери иштен алынган. Алардын катарында Иманкул Телтаев да айыпталып, ЖАМК "тергөөнүн жыйынтыгына жараша Телтаев тийиштүү жазасын алат" деп билдирген эле. Телтаев №1-СИЗОнун медициналык бөлүмүндө шейшеби менен асынып алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
briliant87
2016-05-11 13:59:20
Эч нерсе айталбайм.
0
Aramisa
2016-05-11 18:14:45
баш айлантмай дагы башталды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан