№50-абактан кылмышкерлер качкан учурда электр жарыгы белгисиз адамдар тарабынан өчүрүлгөн

Бүгүн, 11-майда Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-абактан качкан кылмышкерлердин иши боюнча соттук кароо Свердлов райондук сотунда улантылды. Соттук отурумда күбө катары абактын инженер-энергетиги Абай Тейтиев суракка алынды.

"Бул окуя болгонго чейин 2 айдай видеокөзөмөл иштебей жаткан. Кылмышкерлер качкан түнү электр жарыгы бар болчу, бирок кылмышкерлер качкан маалда электр жарыгы белгисиз адамдар тарабынан өчүрүлгөн экен", - деди Тейтиев.

Соттук отурумга чакырылган кийинки күбө абактын башкы эсепчиси Рая Токоева ал түнү жумушта болбогондугун айтты. Ал өз сөзүндө кылмышкерлер анын иш бөлмөсүндөгү терезе аркылуу темир торду сындырып качып чыгышканын билдирди.

Эске салсак, 12-октябрга караган түнү Төмөнкү-Нооруз айылында жайгашкан №50-абактан жалпы 9 адам качып чыккан. Абактан качкан кылмышкерлердин колунан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Таалайбек Өмүрзаков, Туратбек Садыбакасов, Орозбек уулу Фархат ошол күнү каза болушса, оор жаракат алган Тилек Абылгазиев ооруканада өзүнө келбей жатып жан берген.

Качып чыккан кылмышкерлердин бешөөсү ошол эле түнү МАИ кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Кармалгандардын арасынан үч кылмышкер: Муратбек Жумалиев, Таалайбек Жуманов жана Бакыт Кенжегулов жүрөк оорусу, дем алуу органдарынын жабыркашынан жана баш сөөгүнөн алган жаракатынан түрмөдө каза болушту.

Качып чыгып издөөдө жүргөн Данияр Кадыралиев Дордой конушунда 16-октябрда, 28 жаштагы Азамат Мусуралиев 20-октябрда Сокулукта өлтүрүлгөн. Издөөдө жүргөн кылмышкерлердин бири Эдил Абдрахмановду 22-октябрда кармоо учурунда анын бутуна ок тийген эле. Ага Чүй облустук ооруканасында операция жасалды. 22-октябрда Алтынбек Итибаевди Достук кичи районундагы №8-Б көп батирлүү үч кабаттуу үйдө кармоо операциясынын жүрүшүндө ал курал колдонуп каршылык көрсөткөн. Ок атышуу болуп, А.Итибаев өлтүрүлгөн.

Ал эми Алик Мамыркуловдун буйругу менен "коом үчүн коркунучтуу кылмышкерлердин түрмөдөн качуусуна жеткирген олуттуу каталарды кетиргени үчүн" деп №50-СИЗОнун бир топ жетекчилери иштен алынган. Алардын катарында Иманкул Телтаев да айыпталып, ЖАМК "тергөөнүн жыйынтыгына жараша Телтаев тийиштүү жазасын алат" деп билдирген эле. Телтаев №1-СИЗОнун медициналык бөлүмүндө шейшеби менен асынып алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Abdurahman
2016-05-11 14:38:32
Убакытты создуктурбай сразу тергоо жургузуш керек эле да "Темирди кызуусунда сок" дегендей. Коп нерселер эстен чыгып бурмаланып кетет.
0
Aidowi
2016-05-11 15:23:17
Эдил Абдырахманов эмне болду,билип бергилечи супер инфо .Аны да тынчытып коюшпвдыбы.Чындыкты билген жалгыз адам ошол калды.Эл сурак кылышы керек.Антпесе карга карганын козун чукубайт.
+2
admin_portal
2016-05-11 15:49:12
Aidowi, саламатсызбы!
http://www.super.kg/kabar/news/147605/ кенен окуй аласыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан