Кечээ, 16-майда президент Алмазбек Атамбаев белгилүү бийчи Атай Өмүрзаков, "Тумар КР" бий тобунун мүчөлөрү Айбек Мирбеков жана Өмүрбек уулу Баяман менен жолугушту. Жолугушууда мамлекет башчы Атай Өмүрзаковдун жана "Тумар КР" тобунун ийгиликтери кыргыз жарандарынын арасында заманбап бийге кызыгууну жаратканын баса белгилеп, "Тумар КР" тобуна Лондон шаарында өтчү "Britain’s Got Talent" ("Британияда таланттар бар") аттуу сынакка барууга акча каражатын бөлүп берди.
Эске салсак, Лондон шаарында өтчү "Britain’s Got Talent" аттуу сынак 21-майда башталат.