№50-СИЗОдон качкан кылмышкерлердин иши боюнча соттук отурум: Абактын кызматкерлери кылмышкерлер качкан түнү абактын ичинде ызы-чуу болуп, электр жарыгы өчүрүлгөнүн билдиришти

Бүгүн, 23-майда Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-абактан качкан кылмышкерлердин иши боюнча соттук кароо Свердлов райондук сотунда улантылып, судья Санжар Чотоновдун кароосунда өтүүдө.

Сот залына айыпталуучулардын баары алынып келинип, абактын кызматкерлери күбө катары залга чакырылып, көрсөтмө беришүүдө.

Соттук кароого күбө катары №50-абактын кызматкери Нурбек Шаршеев чакырылды.

"11-октябрда мен жумушка келдим. Баары күндөгүдөй эле тартипте өтүп жатты. Саат 22:00дөн кийин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, 5-10 мүнөткө жетпей кызматкерлердин бири майор Өмүрзаков жерде жатканын билдирди. Андан көп өтпөй сырттан ок атылганы угулду. Андан кийин эле абактын ичинде электр жарыгы өчүп калды. Абактын ичинен тарсылдаган үндөр угулуп жатты. Сырттан унаанын от алганы угулуп, ал жүрүп кеткенден кийин абактын ичи тынчып калды. Мен көзөмөл-өткөрүүчү жайдын ичинде болчумун, жүрүп бараткан унааны көрүп, аны көздөй 4 ок чыгардым, бирок ал кайсы жагына тийгенин көргөн жокмун", - деди Шаршеев.

Анын айтымында, айыпталуучулар абактын ичинде ызы-чуу болуп жаткан учурда качып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Эске салсак, 12-октябрга караган түнү Төмөнкү-Нооруз айылында жайгашкан №50-абактан жалпы 9 адам качып чыккан. Абактан качкан кылмышкерлердин колунан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Таалайбек Өмүрзаков, Туратбек Садыбакасов, Орозбек уулу Фархат ошол күнү каза болушса, оор жаракат алган Тилек Абылгазиев ооруканада өзүнө келбей жатып жан берген.

Качып чыккан кылмышкерлердин бешөөсү ошол эле түнү МАИ кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Кармалгандардын арасынан үч кылмышкер: Муратбек Жумалиев, Таалайбек Жуманов жана Бакыт Кенжегулов жүрөк оорусу, дем алуу органдарынын жабыркашынан жана баш сөөгүнөн алган жаракатынан түрмөдө каза болушту.

Качып чыгып издөөдө жүргөн Данияр Кадыралиев Дордой конушунда 16-октябрда, 28 жаштагы Азамат Мусуралиев 20-октябрда Сокулукта өлтүрүлгөн. Издөөдө жүргөн кылмышкерлердин бири Эдил Абдрахмановду 22-октябрда кармоо учурунда анын бутуна ок тийген эле. Ага Чүй облустук ооруканасында операция жасалды. 22-октябрда Алтынбек Итибаевди Достук кичи районундагы №8-Б көп батирлүү үч кабаттуу үйдө кармоо операциясынын жүрүшүндө ал курал колдонуп каршылык көрсөткөн. Ок атышуу болуп, А.Итибаев өлтүрүлгөн.

Ал эми Алик Мамыркуловдун буйругу менен "коом үчүн коркунучтуу кылмышкерлердин түрмөдөн качуусуна жеткирген олуттуу каталарды кетиргени үчүн" деп №50-СИЗОнун бир топ жетекчилери иштен алынган. Алардын катарында Иманкул Телтаев да айыпталып, ЖАМК "тергөөнүн жыйынтыгына жараша Телтаев тийиштүү жазасын алат" деп билдирген эле. Телтаев №1-СИЗОнун медициналык бөлүмүндө шейшеби менен асынып алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sadyrov_n93
2016-05-23 15:56:26
Bul jerde 4on syr bar okwoit onduu.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан