Бүгүн, 23-майда Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-абактан качкан кылмышкерлердин иши боюнча соттук кароо Свердлов райондук сотунда улантылып, судья Санжар Чотоновдун кароосунда өтүүдө.
Сот залына абактын кызматкерлери күбө катары залга чакырылып, көрсөтмө беришүүдө. Абактын башкы нөөмөтчүсүнүн жардамчысы Майрамбек Курманкулов ал күнү нөөмөттөн чыгып, эс алуу күнү болгонун билдирди.
"Кылмышкерлер качкан күнү мен жумушта эмес болчумун. Кечинде саат 22:30 чамасында мага абактын эсепчиси телефон чалды. Ал мага абактын ичинде атышуу болуп жатканын билдирди. Биз шаардан башка кызматкерлер болуп чогулуп абакка жөнөдүк. Ал жакта тиешелүү мекемелердин кызматкерлери жүрүшүптүр, бизди ичине киргизишкен жок", - деди Курманкулов.
Кызматкерге кылмышкер Эдил Абдрахманов "Мен отурган камерадан кара желек көрдүңөр беле?" деген суроо узатты. Абактын кызматкери ага ал отурган камерадан кара желек көрбөгөнүн билдирди.
Эмки соттук отурумда кылмышкерлер качканга чейин отурган камеранын жанындагы №6, 7, 12 жана №13-камерадагы кылмышкерлер суракка алынмай болду.
Эске салсак, 12-октябрга караган түнү Төмөнкү-Нооруз айылында жайгашкан №50-абактан жалпы 9 адам качып чыккан. Абактан качкан кылмышкерлердин колунан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Таалайбек Өмүрзаков, Туратбек Садыбакасов, Орозбек уулу Фархат ошол күнү каза болушса, оор жаракат алган Тилек Абылгазиев ооруканада өзүнө келбей жатып жан берген.
Качып чыккан кылмышкерлердин бешөөсү ошол эле түнү МАИ кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Кармалгандардын арасынан үч кылмышкер: Муратбек Жумалиев, Таалайбек Жуманов жана Бакыт Кенжегулов жүрөк оорусу, дем алуу органдарынын жабыркашынан жана баш сөөгүнөн алган жаракатынан түрмөдө каза болушту.
Качып чыгып издөөдө жүргөн Данияр Кадыралиев Дордой конушунда 16-октябрда, 28 жаштагы Азамат Мусуралиев 20-октябрда Сокулукта өлтүрүлгөн. Издөөдө жүргөн кылмышкерлердин бири Эдил Абдрахмановду 22-октябрда кармоо учурунда анын бутуна ок тийген эле. Ага Чүй облустук ооруканасында операция жасалды. 22-октябрда Алтынбек Итибаевди Достук кичи районундагы №8-Б көп батирлүү үч кабаттуу үйдө кармоо операциясынын жүрүшүндө ал курал колдонуп каршылык көрсөткөн. Ок атышуу болуп, А.Итибаев өлтүрүлгөн.