Дастан Сарыгулов "Кумтөр" боюнча камакка алынды

Коомдук ишмер Дастан Сарыгулов бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу тууралуу кылмыш ишинин негизинде жана жаңы жагдайлар боюнча УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы 13-июнда билдирди.

УКМК учурда "Камеко", "Кумтөр Оперейтинг", "Кумтөр Голд", "Центерра Голд" компанияларынын мурдагы президенти Леонардо Хоменюктун Дастан Сарыгулов "Кыргыз алтын" ишканасын жетектеп турганда коррупциялык аракеттерге барганы боюнча көрсөтмөлөрүн карап жатканы айтылды. Сарыгулов 1992-1999-жылдары "Кумтөр" долбоорунда кыргыз тараптан куратор болгон.

Ошондой эле УКМК "Кумтөр" долбоорундагы коррупциялык аракеттерди ачууда Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдин жакын санаалаштары тарабынан карама-каршылыктар болуп келгенин белгилейт.

Ошондон улам мартта өлкөдөгү абалды туруксуздаштырууга болгон аракеттер "Кумтөр" долбоору боюнча коррупциялык иштер тергөө органдары тарабынан жигердүү иликтенип баштагандыгына байланыштуу болушу мүмкүн экендиги каралууда.

Эскерте кетсек, оппозиция өкүлдөрү Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландашкан" деген негизде камакка алынышкан. Алар менен бирге Дастан Сарыгулов да суракка алынып, үй камагына калтырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
shankol88
2016-06-13 06:24:23
"АЛЛАХ"баарыбызкга ыйман берсин.
+4
jetinur90
2016-06-13 06:26:56
Бул биздеги аталасы чыккан саясат,чочкокана Никулин айтмакчы "бомбарбия кергуду"болуп калды. Куноолуулор аппак,куноосуздор шалтак...
+1
aibo_85
2016-06-13 06:59:08
талкуу ачык го. тан калычтуу.
+2
Taalai94
2016-06-13 13:05:58
aibo_85,ошону айтсаныз
+2
Uli6886
2016-06-13 12:04:31
Каарыганда ХХХ дубанызды берип эле журо бербейт белениз. Прогноз пагода кылбай
+5
admin_portal
2016-06-13 12:58:28
Uli6886, этика нормаларын сактаңыз!
+1
naida81
2016-06-13 12:15:04
Алалхка ишенбей, тенирчи болсонуз ушуну коросуз
+6
naida81
2016-06-13 12:17:02
Алла Таалага гана жалгыз ишенуу керек, Сизге эми тоо таштарыныз, суу, асман, Тенир эмне кылып берет болду экен, анын баарын кудай жараткан, ошон учун жалгыз кудайга гана сыйынуу керек экендигин биле журунуз
+9
kubat_73
2016-06-13 12:25:16
Бийлик туп аталарынан мураска калгансып ушулардыкы отту карыганда тынч карыбай журтту бузуп.Бийликтен айланбай уйундо эле олтурбайбы небере жыттап.Эмне жетпейт билбейм ушул ХХХ адам карыганда калыс болот дечу эле а булар байлык бийлик учун баарын сатышат.
+6
admin_portal
2016-06-13 12:59:48
kubat_73, этика нормаларын сактаңыз!
+1
aiba_00
2016-06-13 15:32:21
Аран эле жаны бардай сезилет ушул киши.
-1
nur0077
2016-06-13 17:44:12
aiba_00,аран журуп Кумторду олжологон аксакал киши да.Элдин,мамлекеттин ырыскысына тукургон адам.Ушулардын айынан канчалаган жарандарыбыз жумуш таппай,бала-чакасын бул жака таштап,керт башын тобокелге байлап иш издеп Россияда кор болуп журот.Жамандын кесепети деп ушуну айтат.Жакшыларды шарапатын корбой жок кылып алдык."Исанов,Осмонов,Ибраимов"
+1
asash
2016-06-13 22:53:05
nur0077,эн туура
+1
Zanzibara
2016-06-13 22:07:02
1992-жылкы косяктары үчүн эми иш козгоп кармап жатса. Азыркы бийликтин косяктары 2040-жылы ачыкка чыгат экен да, ия?))
+1
edik-kg
2016-06-14 03:46:48
элестеткиле 200000мин$айына алып турган экен убагында кандай чон акча бул
0
al-abu-kinesz
2016-06-14 12:30:24
edik-kg, биз мындай акчаны алмак тургай кармап эле койсок колубуз куйуп калат болуш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан