"Бийликти алууну сүйлөшүүгө катышты" делген Дастан Сарыгуловду УКМК үй камагында калтырды

Дастан Сарыгулов"Бийликти басып алууну сүйлөшүүгө катышты" делген Дастан Сарыгулов УКМКга алынып келинип, тергөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

"Сарыгуловдун катышуусунда тергөө иштерин жүргүзгөндөн кийин, топтолгон далилдердин негизинде, "бийликти күчкө салып тартып алууга же бийликти күч менен кармап турууга даярдоо" беренесине ылайык айыптоо көрсөтүлдү. Ага карата Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "үй камагына алынсын" деген баш коргоо чарасын тандады",- деп билдирди УКМК.

Эскерте кетсек, кечээ интернетке айрым адамдардын бийликти алуу, өлкөдө төңкөрүш жасоо пландарын сүйлөшкөнү жаздырылган аудио тараган. Материалда сүйлөшүүгө катышкандардын бири Дастан Сарыгулов деп көрсөтүлгөн.

Бийликти басып алуу тууралуу сөз болгон башка эки аудиожазуу боюнча шектелип Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров убактылуу камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан