Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын 4 орун басары дайындалды

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын 4 орун басары дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июлда бир нече буйрукка кол койду. Ага ылайык, Уланбек Рыскулов, Кубан Мырзаканов жана Азис Сапаралиев мурда ээлеген кызматтарынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарлары болуп дайындалды. Ошондой эле 4-орун басар болуп Азамат Оморов дайындалганы маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан