Чакан учак менен Жер шарын айланып учканы жаткан кыргыз учкучуна өкмөт башчы ак жол каалады

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 21-июлда учак менен Жер шарын айланып чыгууну пландаган кыргыз учкучу Союзбек Салиевди кабыл алды.

Бишкектен учуп чыгуу үстүбүздөгү жылдын август айынын башталышына пландаштырылып, жалпысынан 26 мамлекетте болуу – Араб чөлдөрүн, Ариканск саванналарын, Бразилия токойлорун, Амазонка дайрасын жана башка аймактарды басып өтүү күтүлүүдө. Жалпысынан 47,6 миң чакырымга учуу максаты коюлган.

Премьер-министр учкучтун демилгесин патриоттуулук катары баалап, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги менен 26 өлкөнү учак менен ийгиликтүү кыдырып чыгууну каалады жана учууну ишке ашырууга өкмөт тийиштүү колдоо көрсөтөрүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында Жээнбеков учкучка Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегин тапшырды, учкуч аны дүйнө жүзү боюнча жасалчу саякатында жанында алып жүрмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jonathan88
2016-07-22 13:40:23
Булда болсо олкобузду дүйнөгө таанытуунун жакшы бир вариянты,учкуч мекендешибизге эсен-аман мекенибизге кайтып келуусун тилейбиз.
0
Jora1704
2016-07-23 23:23:34
Эн жакшы идея, бул саякатка абдан журоктуу адам гана бара алат, "жол азабы кор азабы" деп коёт эмеспи элибизде. Азаматсын байке ак жол, ийгилик сизге!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан